Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 60
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Иминов Аманылло Розыбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп катталсын.
2."Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаты Иминов Аманылло Розыбаевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3.Ушул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордуккомиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.С.Темировго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |