Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 68
"Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлдагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттун 7-пунктчасынын акыркы абзацындагы "шайлоо комиссияcын түзгөн күнгө чейин 10 күн мурда" деген сөздөр "шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан үч күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун 7-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Эгерде коомдук бирикмелер, шайлоочулардын чогулуштары сунуш кылган талапкерлер шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, жергиликтүү кеңештер шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди кароодо сунуш кылынган талапкерлерди четке кагуу жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарышат, ал тийиштүү шайлоо комиссиясын түзгөн, жогору турган шайлоо комиссиясына берилет".
- 3-пунктун 10-пунктчасы төмөндөгүдөй абзац менен толукталсын: "Эгерде төмөн турган шайлоо комиссиясы тарабынан тигил же бул талапкерди четке каккан учурда, жергиликтүү кеңештер аталган талапкерлерди кайтадан шайлоо комиссиясынын курамына сунуштоого укуксуз".
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |