Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-августу№77
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо участкаларын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-.бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына. 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучу шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү жана добуш берүүнү өткөрүү үчүн, аймактык шайлоо комиссиялардын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөруү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Чет мамлекеттердин аймактарындагы шайлоо участкалары тиркемеге ьлайык бекитилсин.
2.Түзүлгөн шайлоо участкалары жөнүндөгү маалыматтар 2011-жылдын 5-августунан кечиктирилбестен "Эркин -Too" газетасына жарыялансын.
3 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.
4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |