Редакцияот 04.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 04-августу №79

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 - пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

-Абдыжапаров Эрлан Асыралиевич, 1972 - жылы туулган, жеке ишкер;

-Алияскаров Бактыбек Шарпыбекович, 1972 - жылы туулган, жеке ишкер.

2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов