Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 04-августу № 80
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, 'Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлумүн 2. 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевден шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
- Каныметов Эдилбек Молжигитович, 1965 - жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Каныметов Эдилбек Молжигитовичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |