Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 04-августу № 81
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Д.М.Токтосунованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Д.М.Токтосуновадан келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Д.М.Токтосунованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Ажыбаева Жийдегүл Жумалиевна, 1960 - жылы туулган, пенсионер;
-Джумашева Эркеайым Муратовна, 1991 - жылы туулган, "Альфа Телеком" ЖАКдун кардарларды колдоо көрсөтүү кызматтык Департаментинин кызматкери;
- Ногойбаев Бакытбек Колбаевич, 1962-жылы туулган, Бишкек шаарынын мериясына караштуу Ден соолукту сактоо Департаментинин тез жардам берүү станциясынын айдоочусу;
-Маданбекова Салима Жаныбековна, 1984-жылы туулган, "Илбирс" АКнын тигуучусу;
-Турпанов Адыл Майрамбекович, 1984-жылы туулган, жеке ишкер.
2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Д.М.Токтосунованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |