Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 04-августу № 83
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. С. Дыйкановдун толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С. С. Дыйкановдон Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19 - беренесинин 4 -бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 - бөлүгүнүн 2, 19 - пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С.Дыйкановдун шайлоо боюнча толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-каржы маселелери боюнча - Советбек Мамутбекович Мурзаханов, 1969 -жылы туулган, "Манас -Кыргыз -Чыцгыз" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары;
-шайлоо боюнча - Бакир Токтоналиевич Рахматов, 1961 - жылы туулган, «Интеграл» ЖЧКнын генералдык директору.
2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.С. Дыйкановдун толук ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөру берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |