Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 08-августу № 84
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Нышановдун ыйгарым укуктуу окулдорун каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Нышановдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Н.А.Нышановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Аттокуров Токтомурат Жапарович, 1948-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Шерматов Алимжан Жунусбаевич, 1958-жылы туулган, "Кыргыз темир жолу";
Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын кызматкери:
-Орунбаев Абдысатарбек Мусабаевич, 1963-жылы туулган, "Радуга" эс алуу борборунун айдоочусу:
-Кочкорбаева Жыпаргүл Ибраимовна, 1969-жылы туулган, "Жеткинчек" өспүрүм балдар газетасынын жооптуу катчысы;
-Көлбаев Урмат Жанышбекович, 1986-жылы туулган, жеке ишкер.
2 Ушул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А.Нышановдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катто күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |