Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 08-августу № 85
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.И.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.И.Казакбаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин .1-бөлүмүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер О.И.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-финансы маселелери боюнча - Молдалиев Кубанычбык Уметкулович, 1955-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-шайлоо боюнча - Хачатурян Аркадий Вазгенович, 1967-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.И.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жуктолсун
Төрага | Т.Абдраимов |