Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 08-августу № 86
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер A.M. Иманалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Иманалиевдан келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыынын 7-беренесинии 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.М.Иманалиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
- Иманалиев Мухамбет Эльгелдиевич, 1945-жылы туулган, пенсионер.
2 Иманалиев Мухамбет Эльгелдиевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер A.M.Иманалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |