Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-августу № 87
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1-бөлүгүнүн 2. 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Осмонов Жоробек Разабаевич, 1952 - жылы туулган, "Жумгалды өнүктүрүү" коомдук фондунун төрагасы;
-Бердалиева Сапаргүл Абдыкайровна, 1961 - жылы туулган, "Кыргыз журтум" коомдук фондунун жетекчиси;
-Кутбидинов Абдимахаммад, 1956 -жылы туулган. "Нурахмад" дыйкан чарбасынын айдоочу - техниги;
-Эралиев Ийсабек Бектурганович, 1967 - жылы туулган. "Хундай" ЖЧКсынын бригадири;
-Абдырашитов Турарбек, 1960 -жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Шабаев Эгемберди Жакыбалиевич, 1959 -жылы туулган, убактылуу иштебейт;;
-Сапаркулов Батырбек Эркинович, 1983-жылы туулган, Баткен Мамлекеттик Университетинин окутуучусу ;
-Абылкасымов Мурзабек Турдалиевич, 1959 - жылы гуулган. Ош облустук стоматологиялык поликлиникасынын стоматологу;
2 Ушул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кттоо күбөлүктөрү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовко жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |