Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-августу № 88
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 57 токтому менен бекитилген "Тил боюнча комиссия жөнүндө жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 57 токтому менен бекитилген "Тил боюнча комиссия жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 13-пукнт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телекөрсөтүүсү талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жолжобосун түз эфирде чагылдырууга милдеттүү".
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |