Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу № 97
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ж.Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ж.Асановдон 2011-жылдын 9-августунда келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-августундагы № 71 токтому менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ж.Асановдун төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Алтымышбаева Айнура Набиевнанын, 1969-жылы туулган;
- Касымова Акылай Тынчтыкбековнанын, 1991-жылы туулган.
2. Алтымышбаева Айнура Набиевнага жана Касымова Акылай Тынчтыкбековнага берилген 2011-жылдын 1-августундагы № 1 жана № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |