Редакцияот 12.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 12-августу № 100

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Матубраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Матубраимовдон Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн докуменгтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз икасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана 13 Республикасыньш шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2.19-пункттарын жетекчиликке алыл, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Матубраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

 финансылык маселелер боюнча:

- Сыдыков Мелис Сулайманович, 1946-жылы туулган, пенсионер; шайлоо боюнча:

-Тилекмалов Эргешали, 1955-жылы туулган, И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин илимий кызматкери;

-Кадыркулов Уланычбек Мешкенович, 1968-жылы туулган, жеке ишкер.

2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Матубраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катто күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов