Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу № 107
Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаарлардын мэрлеринин кызмат ордуна бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоо 2011-жылдын 27-августуна дайындалсын (тиркелет).
2. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|