Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августу № 108
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо керме жазуунун жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 10, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо керме жазуунун жана календардын тексттери бекитилсин (тиркелет).
2. Аймактык шайлоо комиссиялары 58 даана сандагы керме жазуулар тексти менен, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиялары керме жазуулар жана календарлар менен Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулган шайлоо участкаларынын санына ылайык (2289) Борбордоштурулуп даярдалсын жана камсыз кылынсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.Б.Бапановага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |