Редакцияот 12.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 12-августу № 111

Н.Ж.Кудайбергеновдун даттануусун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук юмиссиясына 2011-жылдын 14-июнунда Н.Ж.Кудайбергеновдон Чуй областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Т.Молдобаевдин иш аракетин мыйзамсыз деп табуу жана Чуй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 жана 2011-жылдын 20-майындагы ,№13 чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчтөгү даттануу түшкөн.

2007-жылы Н.Ж.Кудайбергенов өзүнүн талапкерлигин Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн, бирок шайлоочулардын жетиштүү добушун ала албай калып, мандатты алууга резервде турган.

2008-жылы Н.Ж.Кудайбергенов Чуй райондук кеңешине депутаттыкка шайяанган.

2010-жылдын 24-майында Токмок шаардык кеңешинин депутаты А.В.Васиковдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Н.Ж.Кудайбергенов Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган.

2010-жылдын 23-сентябрында Чуй областтык шайлоо комиссиясынын катчысы В.Е.Гамкова кол койгон токтому менен Чуй райондук кеңешинин депутаты Н.Ж..Кудайбергеновдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган.

2010-жылдын 24-майынан 23-сентябрга чейин Н.Ж.Кудайбргенов бир эле убакытта Токмок шаардык кеңешинин жана Чүй райондук кеңешинин депутаты болуп калгандыгына байланыштуу Чуй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 19-майындагы №12 чечими менен Токмок шаардык кеңешинин Промышленный шайлоо округ боюнча депутат Н.Ж.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары токтотулган.

Чуй областтык шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы №13 чечими менен бир адам бир гана айылдык, поселкалык, райондук же шаардык кеңештин депутаты боло ала тургандыгына байланыштуу ошондой эле жеке арызынын негизинде Чүй райондук кеңешинин №3 Шамшы шайлоо округу боюнча депутат Н.Ж.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктары экинчи жолу токтотулган.

Н.Ж.Кудайбергеновдун даттануусун ар тараптуу жана обьективдүү кароо максатында жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлугүнүн 2, 26-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Н.Ж Кудайбергеновдун даттануусун кароо боюнча төмөндөгү курамда жумушчу тобу түзүлсүн:

-Ашимов Н.А., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мучөсу - жумушчу топтун жетекчиси;

-Абдукадыров К.А., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү;

-Абдыбекова Ж.М. юридикалык бөлүмдүн башчысы - жумушчу топтун мүчөсү;

-Аргымбаев М.И., уюштуруу бөлумунүн башчысынын орун басары - жумушчу топтун мүчөсү

2 Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясынын кароосуна тийиштүү чечимдин долбоорун берсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов