Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-августу № 116
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин докуменнерин карап чыгып. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Каипов Нургазы Сейитбекович, 1964-жылы туулган, жеке ишкер;
-Керималиев Азамат Рахманкулович, 1969-жылы туулган, жеке ишкер;
-Закиров Демократ Асанкулович, 1950-жылы туулган, жеке ишкер;
-Турсунбаев Насирдин Жукунович, 1965-жылы туулган, жеке ишкер;
-Люширахун Исмар Арбудуевич, 1965-жылы туулган, жеке ишкер;
-Жаналиев Шамкар, 1951-жылы туулган, Чуй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы;
-Субакожоева Сабира Эшимбековна, 1963-жылы туулган, жеке ишкер;
-Аккабакова Лира Текиновна, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Мырзалиев Самырбек Байгасыевич, 1957-жылы туулган, «Техналин» ЖЧКнын башкы энергетиги:
-Мукеев Капар Бабаевич, 1958-жылы туулган, пенсинер;
-Уметалиев Калыгул Асиринович, 1960-жылы туулган, жеке ишкер;
-Турдугул уулу Бакытбек, 1981-жылы туулган, жеке ишкер;
-Турдакунов Төлөбек Сарыгулович,1966-жылы туулган, Чуй облусунун Чуй райондук Кайырма айылынын Жайыт комитетинин төрагасы;
-Жумабаев Эмилбек. 1953-жылы туулган, жеке ишкер;
-Тынымсеитова Салтанат Токушевна, 1961-жылы туулган, «БС» ЖЧКнын директору;
-Идинова Айгүл Карабековна, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Иманалиев Сагынбек Бакасович, 1960-жылы туулган, жеке ишкер.
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Республикалык мамлекеттик үрөнчүлүк инспекциясынын инспектору 1956-жылы туулган, Шералиев Жыргалбек Байыевичти "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайыккаттодон баш тартылсын.
3 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Прездентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу
Жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |