Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-августу № 118
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдон төшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча шайлоо комиссиялары жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
-Сатиндиев Эрмек, 1952-жылы туулган, пенсинер;
-Мамбеталиева Гулжамал Кусейиновна, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Молдоканова Гүлмира Абдыкадыровна, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
Эратов Искендер Тажибаевич, 1986-жылы туулган, Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык (Славян) университетинин ага окучуусу.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |