Редакцияот 15.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 15-августу № 121

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесннин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

финансылык маселелер боюнча:

-Акөз Лаура Насиповна, 1973-жылы туулган, "Автотрансстрой" ЖЧК бухгалтери;

шайлоо боюнча:

-Алиев Эмил Турдугулович, 1954-жылы туулган, "Ар-Намыс" (Достоинства) саясий партиясынын төрагасынын орун басары.

2. Ушул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн убөлүгү берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов