Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-августу № 123
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиев ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 9-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөруу боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүтүнүн 2. 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
-Осмонов Турсуналы Токтосунович, 1953-жылы туулган, "Кыргыз темир жолу" УКМИнин экономисти;
2 Осмонов Турсуналы Токтосуновичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сптыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары, Молдобаев Шекербекти, 1951-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорун кеңешчиси, '"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык баш тартылсын.
4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |