КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-августу № 124
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевден 2011-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн арызды карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы №63 жана 2011-жылдын 4-августундагы № 80 токомдору менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Казакбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым токтотулсун:
-Кочкоров Романбек Эстебесовичтин, 1971-жылы туулган;
-Каныметов Эдилбек Молжигитовичтин, 1965-жылы туулган.
2. Кочкоров Романбек Эстебесовичке жана Каныметов Эдилбек Молжигитовичке 2011-жылдын 29-июлундагы № 1 жана 2011-жылдын 4-августундагы № 2 каттоо күбөлүктөру жараксыз деп табылсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |