Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 128
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссисына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдон келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Джумабаева Гулай Амандыковна, 1947-жылы туулган, пенсионер;
-Раимкулова Миновар Толобаевна, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Мавлянов Таалайбек Даминович, 1960-жылы туулган, жеке ишкер;
-Ибаков Мирлан Таштандиевич, 1968-жылы туулган, "Стройбат" ЖЧКнын директору
-Нефедов Дмитрий Владимирович, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Кыдырова Гулай Касымбековнга, 1951-жылы туулган, пенсионер.
2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу шерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |