Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 130
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ш.О.Медетбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ш.О.Медетбековдон келип түшкөн документтерди карап чыгып,"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткоруү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат Ш.О.Медетбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
фиансылык маселелер боюнча:
-Жумаканова Дамира Туратбековна, 1962-жылы туулган, "Оп Сlinic Bishkek" медициналык борборунун башкы бухгалтери.
шайлоо боюнча:
-Аманкулов Искендер Зарлыкханович, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ш.О.Медетбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу
текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |