Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 131
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Кудайбергеновдон келип түшкөн документтерди каран чыгып,"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 4-бөлүмүн, "'Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөруү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзаманын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Б.М.Кудайбергеновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
-Джабиров Ырысбск Сапарбекович, 1973-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
шайлоо боюнча:
-Шадыбеков Алтынбек Дилдебекович, 1963-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин ордуна талапкер Б.М.Кудайберегеновдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |