Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 133
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкулдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевден келип түшкөн документтерди карап чыгып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2.19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
-Дуйшеналиева Атыркуль Кожомбердиевна, 1964-жылы туулган, ЖЧК "Снейк" коргоо агенттинин башкы бухгалтери
шайлоо боюнча :
-Мощин Александр Сергеевич. 1974-жылы туулган, жеке ишкер:
-Бакаев Ахан Аширович, 1980-жылы туулган, "Винлайн" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары.
2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токломдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |