Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 135
КыргызРеспубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Боромбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Боромбаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кырыгз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 19пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.М.Боромбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Абдыгулов Пшеналы. 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Муратова Рада Муратовна, 1988-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Карымшаков Рыспек Турусбекович, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Боромбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо кубөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |