Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу№136
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдон келип түшкөн документтерди карап чыгып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөгүмүн "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүмүн 2,19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча
-Кенесариева Тамара Абдыкадыровна, 1964-жылы туулган, "Эгида" балдарга жана үй бүлөлөргө жардам көрсөтүү Борборунун бухгалтери;
шайлоо боюнча:
-Сасыбаева Асылкул Токоровна, 1968-жылы туулган, "Дастан Инжиниринг" ЖЧКнын башкы директору;
-Алмаматов Рашитбек Таабалдыевич,1960-жылы туулган, "Кристалл" мейманканасынын коопсуздукту сактоо кызматынын жетекчиси;
-Шарипбаев Максатбек Омурбаевич, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Эргешов Артур Мурзаевич, 1968-жылы туулган, "ОБСЕ" коопсуздукту сактоо кызматынын координатору;
-Алиева Жамила Курсантовна. 1963-жылы туулган, «Курсан кредиттик бирикмеси» финансылык кооперативдин башкармачылыктын төрайымы;
-Момоконова Самара Аргынбековна, 1978-жылы туулган, жеке ишкер;
-Сейткожоев Талантбек Касымович, 1969-жылы туулган, «Компаньон финансы топтун»МКК ЖЧКнын кредиттик улуу кызматкери;
-Ажибеков Чыныбек Абдраевич, 1975-жылы туулган, К.Тыныстанов ат.ЫГУ журналистика кафедрасынын башчысы;
-Волкодав Сергей Викторович, 1962-жылы туулган, Бишкек мэриясынын "Бишкек жүргүнчү автотраспорттук мекеме" муниципалдык мекемесинин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы;
-Асеков Амантур, 1959-жылы туулган, "ИЗ" адамдын укуктарын коргоону эл аралык жүрүшүнун юристи;
-Джумабекова Сайраш Тууганбаевна. 1977-жылы туулган, "Укуктук технологиялар борбору" ЖЧКнын юристи
2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.И.Асанбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер берген шайлоо документтерин кабыл улуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жуктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |