Редакцияот 17.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-августу №137

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрун каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-берепесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

-Адиев Рыскелди Нурдинович, 1961-жылы туулган, жеке ишкер;

-Орозалиева Тамара Джумакадыровна, 1965-жылы туулган, жеке ишкер;

-Сартбаева Динара Джумакадыровна, 1967-жылы туулган, жеке ишкер.

2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.К.Токтогазиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов