КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу №138
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жонүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбаллиендин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 1950-жылы туулган. убактылуу иштебеген Салиймахан Исмаилова катталсын.
2 Салиймахан Исмаиловага Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү бересин
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |