Бишкек шаары2006-жылдын 22-ноябры № 184 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу 2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 1. 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, ушул статьянын2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, менчиктештирүүусулдарынын бири менен жүргүзүлөт.". 2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын: "12-1-статья. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдары 1. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү усулдар мененжүзөгө ашырылат: - аукциондо сатуу; - конкурста сатуу; - кийин сатып алуучу башкарууга берүү; - кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү; - чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына са-лым катары кошуу. 2. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын колдонуу КыргызРеспубликасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарындакаралган тартипте жүргүзүлөт.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев