КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 141
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден кедип түшкөн документтерди карап чыгып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана креферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
-Сатыгул кызы Надира, 1964-жылы туулган, "Медиа Форум" ААКнын башкы бухгалтери
шайлоо боюнча:
-Кодуранова Асель Союзбековна, 1971-жылы туулган, "Кыргызтелеком" ААКнын Кенешинин мүчөсү;
-Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич, 1968-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Молдобекова Гулкан Сакимовна, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Касымов Насыржан Токтосунович, 1963-жылы туулган, «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоордук институтунун жетектөөчү инженери;
-Касымбеков Нурбек Айтыевич, 1970-жылы туулган, жеке ишкер;
-Сатаркулова Аида Токтобековна, 1970-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Каденова Зууракан Ажимаматовна,1971-жылы туулган,Кыргыз-Өзбек университетинин маадымат-технологиялык билим берүү кафедрасынын доценти;
-Берикбаев Болотбек Жумагулович, 1965-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Саматов Таштемир Эргешович. 1951 -жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо кубөлүгу берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |