Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 144
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А.Сариевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19 пупкттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефепендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.А.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
-Кутболдиен Улан Абдулхакимович,1988-жылы туулган, "Ориен Хотелс" ЖЧКнын башкы бухгалтери.
шайлоо боюнча:
-Ирискулбеков Эрик Белекович. 1979-жылы туулган, жеке адвокат.
2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |