Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу №146
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдон келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2. 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун шайлоолор боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Калманбетова Тоту Маданбековна, 1952-жылы туулган, коомдук укук коргоочу;
-Суйунбаева Назгуль Абдилатимовна, 1978-жылы туулган, жеке адвокат;
-Бердибаева Мерихан Каракожоевна, 1956-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2 Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С.Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Сатиндиев Эрмек каттоодон чыгарылсын.
4 Ушул токтомдун аткарылышын коптролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |