Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 148
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун 2011-жылдын 15-августундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген арызын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисспясынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 28 токтому менен катталган төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдары токтотулсун:
-Бейшеева Канымбүбү Жумабаевна, 1960-жылы туулган;
-Султанкулов Ильичбек Жандарбекович, 1983-жылы туулган.
2. Бейшеева Канымбүбү Жумабаевнага жана Султанкулов Ильичбек Жандарбековичке 2011-жылдын 15-июлунда берлиген № 1 жана № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президептинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |