Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 149
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнун ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2011-жылдын 13-августундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөруү боюнча борбордук комиссиясына берген арызын карап чыгып "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откорүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткорүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 4-августундагы № 78 токтому менен катталган төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарымдары токтотулсун:
-Асеев Чолпон Кушчубекович, 1965-жылы туулган.
2 Асеев Чолпон Кушчубековичке 2011-жылдын 4-августунда берлиген № 39 каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |