Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-августу № 150
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын теке айынын 27де №57 токтому менен бекитилген «Тил боюнча комиссия жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын теке айынын 27де №57 токтому менен бекитилген «Тил боюнча комиссия жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-бөлүктүн:
-1-пункттунун а), б), в), г), д) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) Президенттик кызматка талапкерлерге жазуу ишин аткаруу үчүн 30 мүнөт убакыт берилет;
б) жазуу ишин текшерүүдө эки жагдай: биринчи - жазуу ишинин адабий тилдик ченемде аткарылышы, экинчиси талапкердин ой жүгүртүү жөндөмү эске алынат;
в) жазуу ишин баалоо: эгерде жазуу ишинде 5 (беш) же андан ашык ката (орфографиялык, пунктуациялык, стилдик) бар болсо, ал иш талапка ылайыксыз деп бааланат;
г) жазуу ишин аткаруу үчүн ар бир талапкерге Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган, эки интервал өлчөмүндө туура сызыктары бар 3 барак берилет;
д) талапкерлер алдын ала даярдап келген материалдарын көчүрүп колдонсо, сынактан четтетилет;
- 2-пункттунун а), б), в) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) сынакта Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөө чеберчилиги, темага ылайык өз түшүнүгүн, оюн мамлекеттик тилде туура айта билүү жөндөмү, сүйлөө маданияты аныкталат;
б) Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөгөн сөзүнүн мазмундуулугу, ачык-айкындыгы. тактыгы, далилдүүлүгү, логикалуулугу жана түшүнүктүүлүгү бааланат;
в)Президенттик кызматка талапкерлердин кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактай билүүсүнө, башка тилдерди (орусча, англисче ж.б.) аралаштырбай таза сүйлөөсүнө, сүйлө максатына ылайык тилдик каражаттарды (макал, ылакап, фразеологизм, учкул сөз, кесиптик терминдер ж.б.) өз орду менен пайдалана билүүсүнө, улуттук дөөлөттөрдүн негизинде адептүү, сылык-сыпаа, ийкемдүү сүйлөй билүүсүнө көңүл бурулат. Ал эми акцент жана диалектикалык өзгөчөлүктөр, сүйлөө дефектери баалоодо критерий катары эсептелбейт;
-3-пункттунун:
а), б) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) Президенттик кызматка талапкер кайсы чыгармадан көркөм окуй тургандыгын билет алуу тартибинде өзү аныктайт;
б) бул сынакта Президенттик кызматка талапкердин орфоэпиялык, стилдик ченемдерге ылайык мамлекеттик тилде эркин окуй билүүсү, текстти окуй билүү жөндөмү жана деңгээли бааланат;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Талапкердин жазуу ишин, оозеки сүйлөөсүн, көркөм окуусун текшерүү үчүн тегерек үстөлдө түз эфирдин шартында тил боюнча комиссияга 15-20 мүнөткө чейин убакыт берилет».
2) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тил боюнча комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы жана убактысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн графике ылайык талапкерлер менен макулдашуу боюнча аныкталат».
3) 9-бөлүктөн «кем эмес» деген сөздөр алынып салынсын.
4) 10-бөлүктөгү «калыс» деген сөз «арсар» деген сөзгө алмаштырылсын жана акыркы сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Чечим мамлекеттик тилде чытарылат жана тил боюнча комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлгандан кийин расмий негизге ээ
болот»
5) 11 -бөлүктөгү «катышат» деген сөз «катышууга укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6) 13-бөлүктөгү «тилди билүүлөрүн аныктоо жол жобосун» деген сөздөр «тил сынагын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |