Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу № 158
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Дж.Ибрагимованын ыйгарым укуктуу екүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Дж.Ибрагимовадан келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Г.Дж.Ибрагимованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Акматов Бакгияр Амантурович, 1986-жылы туулган, «Ларк Иссык-Куль» коомдук фонддун юристи;
-Молдоибраева Асель Женишбековна, 1979-жылы туулган, «Ларк Иссык-Куль» коомдук фонддун юристи;
-Женишбекк уулу Мирбек, 1990-жылы туулган, «Мадинур» ЖЧКнын офис-менеджери.
2 Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Г.Дж.Ибрагимованын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |