Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу № 159
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2. 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Вреферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Токтоназаров Кубанычбек Камбарбекович, 1961-жылы туулган, Кыргыз-Өзбек университетине караштуу колледжинин окутуу бөлүмүнүн башчысы;
-Абдувалиев Урстам Калмурзаевич, 1959-жылы туулган убактылуу иштебейт;
-Токтогулов Асанкул Мамбетакунович, 1955-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Кадыров Уланбек Саякович, 1986 -жылы туулган, "Айбат плюс" көз карандысыз маалымат газетасынын башкы редактору;
-Сыдыков Жолдошбек Сыдыкович, 1959 -жылы туулган, Нарын мамлекеттик университетинин профессору;
-Нарбаев Анаркул Жакыпбекович. 1963-жылы туулган, жеке ишкер;
-Батырбашиев Жоомарт Ташманбетович, 1951-жылы туулган, Талас шаарындагы «Замир» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
-Шатманалиев Изакжан Кубанычбекович , 1974-жылы туулган, жеке ишкер;
-Джакеев Алмазбек Алманбетович, 1974-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Акматов Батырбек Сейдалиевич. 1961 - жылы туулган, жеке ишкер;
-Айтматов Мелис Токтомушевич. 1977-жылы туулган, Киров суу сактагыч башкармалыктын инженери;
-Кермалиев Алмас Бекболотович, 1968-жылы туулган, жеке ишкер;
-Бекботоев Урман Молдалыевич, 1982-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2."Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү, Талас облусун Талас районунун Бекмолдоев айылдык кеңешинин төрагасы, 1983-жылы туулган,Борукеев Алтынбек Беренбекович каттоодон баш тартылсын.
3.Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |