Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу № 162
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Д. Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Д.Уметалиевадан келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Т.Д.Уметалиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Бабакулов Аманбол Солтонкулович , 1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Ибраимова Жамиля Момунбековна, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Уметалиева Назгуль Джунушбаевна, 1987-жылы туулган, «Интергоспиталь» ЖЧКнын директору;
-Джакупбекова Чынара Насеровна, 1977-жылы туулган, Биринчи май юридикалык консультациясынын адвокаты;
-Калугина Ирина Владимировна, 1961-жылы туулган, соода кызматкерлеринин Борбордук комитеттин кызматкерлер бирикмесинин укуктук инспектору;
-Рыкунов Руслан Владиславович, 1990-жылы туулган, "С0ММЕNТ" маалымат-аналиалитикалык порталынын редактору;
-Абдыкеримов Арзымат Мадыкович, 1977-жылы туулган, "СОММЕNТ" маалымат-аналитикалык порталынын оператору;
-Мырзаев Абдымалик Абдыкеримович, 1963-жылы туулган, "Элдик фронт" коомдук бирикмесинин директору;
-Никсдорф Александр Викторович, 1955-жылы туулган, "Чуйские известия" апталык газетасынын редактору;
-Степанюк Кирилл Сергеевич, 1976-жылы туулган, "СОММЕNТ" маалымат-аналитикалык порталынын редактору;
-Кыйгырова Арман Сакеновна, 1970-жылы туулган, Биринчи май юридикалык консультациясынын адвокаты.
2.Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Д.Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |