Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу №168
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдон келип түшкөн документтерди каран чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2. 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откөруү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Ормушев Тилек Эмилбекович, 1985-жылы туулган, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын окутуучусу;
-Курманбаев Канатбек Бейшенович, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Оморов Нурбек Романович, 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Орозоев Болот Эсенбаевич, 1984-жылы туулган, убактылуу иштебейт:
-Оморов Баяман, 1952-жылы туулган, пенсионер;
-Мамбетов Аман Асанович, 1962-жылы туулган, "Task Forse Innovation" ЖЧКнын системалык администратору;
-Балтабаева Джаныл Анарбековна, 1956-жылы туулган, пенсионер;
-Обозов Самат Исаевич, 1985-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.О.Оморовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарыдышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |