Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу № 169
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикаеынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевден келип түшкөн документтерди карап чыгып. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер.А.М.Абышевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Алиева Эльмира Сатаровна, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Малдыбаева Чынара Ахматбековна, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Малдыбаев Атай Исламбекович, 1991-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Малдыбаев Талантбек Ахматбекович, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Малдыбаев Стан Ахматбекович, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |