Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу № 173
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Керимбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Керимбековдон келип түшкөн документтерди карап чыгып. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Керимбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкулөр катталсын:
-Айдаров Жоробек. 1955-жылы туулган, пенсионер;
-Жолдошбаев Рустам Абдракманович, 1960-жылы туулган, "Кыргызстан жарандарынын ар намысын коргоо боюнча комитет" коомдук бирикмесинин укук коргоочусу
-Нургазиева Венера Сайпидиновна, 1972-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Аканов Максатбек Сагынбаевич, 1962-жылы туулган, пенсионер.
2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.М.Керимбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |