ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-августундагы № 177 «Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы жөнүндө» токтому

Редакция22.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу № 177

Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 9, 16-пункттарын жетекчиликке алып, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүү жана уюштуруучулук методикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы" методикалык колдонмо бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдук аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов