Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 24-апрели УӨ № 17-р
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резиденциясынын «Ордо» конок үйүндөгү мамлекеттик мүлктүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти К.С. бакиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке мүлкүнүн сакталышын камсыздоо максатында:
1.Мүлктү тизмелеп жазуу боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Абдыманапов Э.С. | -Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору, комиссиянын төрагасы; |
Түлөбаев Б.З. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Абдыкеримов У.Ч. | -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги; |
Жакыбалиев А. | -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрилигинин алдындагы Мүлк мамилери департаментинин бөлүм начальниги; |
Топоев А.Б. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын юридика бөлүмүнүн референти; |
Алымкулова Н.С. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Пландоо, каржылоо жана эсепке алуу борборунун өндүрүштүк-пландоо бөлүмүнүн референти; |
Кыштобаева И.Ч. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Пландоо, каржылоо жана эсепке алуу борборунун өндүрүштүк-пландоо бөлүмүнүн референти; |
Турдукожоев К.А. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын директору; |
Мусабеков С.К. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын башкы бухгалтери; |
Табышев М.О. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын башкы инженери; |
Сураева Н.И. | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын «Ордо» конок үйүнүн коменданты. |
2.Ведомстволор аралык комиссия учурдагы жылдын 30-апрелине чейин белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын «Ордо» конок үйүнүн мамлекеттик мүлкүн тизмелеп каттоону;
-Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти К.С. Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын «Ордо» конок үйүндөгү жеке мүлкүн тизмелеп каттоону;
-аткарылган иштердин жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисини берсин.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын директору Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 мамлекеттик резеденциясынын «Ордо» конок үйүндөгү мүлктүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти К.С. Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн жеке буюмдарынын тийиштүү түрдө сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси |
Э.Каптагаев |