КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу № 182
Шайлоо дареги жөнүндө арыздын таризин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо дареги жөнүндө арыздын таризи бекитилсин (тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргы Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |