Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 194
Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №106 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
-6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат";
-20-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт".
-31-пункттагы "тийиштүү шаардык кеңештин" деген сөздөр "тийиштүү аймактык айлоо комиссиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
-33-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт".
2 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3 Ушул токтом тийиштүү шаардык кеңештердин депутатарына, аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жеткирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.К.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |