Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу № 196
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Пиримбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Пиримбаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып,"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Пиримбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Султанов Райымбек Касымович, 1955-жылы туулган, Манас ат. Кыргыз-Түрк университетинин компьютердик инженердик факультетинин инженердик бөлүмүнүн доценти;
- Доровская Нина Михайловна, 1949-жылы туулган, Манас ат. Кыргыз-Түрк университетинин "Реформа" журналынын аткаруучу редактору.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Пиримбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |