Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-августу № 197
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.Т.Тюлеевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Шалбаев Ишеналы Сурапович, 1951-жылы туулган, пенсионер;
- Кулубаев Жанболот Макушович, 1979-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Орозакунов Чубак Өмүралиевич, 1968-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Өскөнбаев Касым Абдылдаевич, 1950-жылы туулган, пенсионер;
- Айдаров Расул Ибраимович, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Какелеева Үпөл Жакшыбаевна, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Тагаев Таалайбек Ташмухамедович, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Жээналиев Мырзабек Акбагышович, 1960-жылы туулган, "Агролизинг" долбоорунун менеджери;
- Алыкожоев Туратбек, 1956-жылы туулган, жеке ишкер;
- Турсунбаев Кайрат Замирбекович, 1987-жылы туулган, "Экспресс Нуска" ЖЧКнын жетекчиси.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Т.Тюлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |