Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-августу № 200
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
каржы маселелери боюнча:
- Исраилов Токтосун, 1957-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
шайлоо боюнча:
- Байбосунов Мирбек Омуркулович, 1986-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун толук ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.У.Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Абыкеев Уланбек Сартбаевичтин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы № 64 токтомунун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
4. Абыкеев Уланбек Сартбаевичке 2011-жылдын 29-июлунда берилген каттоо күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|